Ссылки доступа

Тажикстандыктар армиядан качуунун жаңы ыкмасын табышты 


Тажикстандын Лахш районунун (мурдагы Жергетал) жаш жигиттери жоокердик милдеттен качып, кыргыз жарандыгын алышууда.

Аталган райондун аскерий комиссариатынын маалыматына ылайык, аскер жашындагылардын 80 пайызы, тактап айтканда 1200 адам Кыргызстан жарандыгын алган.

«Армияга чакырылган жигиттердин үйлөрүнө барганыбызда, алар паспортторун алып чыгып, Кыргызстандын жарандары экендигин айтышат. Кашшот айлында 2800 адам жашайт. Көпчүлүгү – этникалык кыргыздар. Бир гана үй-бүлө Тажикстан жарандары экен. Кыргыз диаспорасы жашаган жердегилердин дээрлик бардыгы кыргыз жарандыгын алып алышкан. Ал жерден тажикстандыктарды таба албайсың”, - дейт райондук аскер комиссариатынын жетекчиси Шаъбон Шарифов.

Аталган райондун тургундарынын айтымында, кыргыз жарандыгын кыргыздар гана эмес, айрым тажиктер да алган. Ысымын атагысы келбеген жергиликтүү тургун маалымдагандай, аскер курагындагы жигиттер кыргыз жарандыгын алууга ынтызар, ал эми алардын балдары менен жубайлары тажик жараны катары эле калууда.

Расмий эмес маалыматтарга ылайык, Лахштын 20 миңге чукул тургуну Кыргызстандын жарандыгын алган.

XS
SM
MD
LG