Камактагы Рамзуллохон Додохонов, Хабибжон Юсуфов жана Мирзозариф Каюмов 17-июнга оогон түнү колониядан качууга аракет кылып, мекеменин бөлүм башчысы Ёрмамад Алимамдовго бычак урушкан. Ал ооруканага жетпей көз жумган.
Кайтаруучулар менен атышуу учурунда Мирзозариф Каюмов окко учкан. Хабибжон Юсуфов жарадар болуп, колго түшкөн. Ал эми Рамзуллохон Додохонов из жашырып кетүүгө үлгүрүп, бирок кийинчерээк жок кылынган.
Азыркы тапта Хабибжон Юсуфов ооруканада. Ал сотто жоопкер катары чыгат.