Ссылки доступа

Казакстанда журналист ачкачылык жарыялады


Алматыда журналист Рамазан Есергепов бүгүнтөн тарта ачкачылык жарыялады. Ал бир катар жарандык активисттерге жана коомдук ишмерлерге куугунтуктоолор болуп жатканына нааразы. Есергепов акциясын БУУнун Адам укуктары комитетинин 117-сессиясынын ачылышына туштады.

Өз билдирүүсүндө журналист адам укуктарына жана эркиндиктерине байланышкан жагдай боюнча адилет жана позитивдүү мамиле орногучакты акциясын улантарын айткан.

Рамазан Есергепов жарандык активисттер - Макс Бокаев, Талгат Аян, Жанат Есентаев, Гатаугали Бохан, Сагынали Капизов, Кубайдолла Шолак, Махамбет Абжандын куугунтукталышын мыйзамсыз деп эсептейт.

Есергеповдун пикиринде, акын Арон Атабек, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Алга” партиясынын лидери Владимир Козлов, укук коргоочу Вадим Курамшин жана Nalanune.kz оппозициялык сайтынын редактору Гузяль Байдалинова да мыйзамсыз соттолушкан.

XS
SM
MD
LG