Ссылки доступа

Таарынышкан тараптар Тоолуу Карабак маселесин талкуулашты


Азербайдан президенти Илхам Алиев менен Армения президенти Серж Саргсян Тоолуу Карабак жаңжалын жөнгө салуу максатында Петербургда жолугушту.

Сүйлөшүүлөргө Орусия президенти Владимир Путин да катышты. Эки өлкө лидерлери апрелдин башында Тоолуу Карабакта кыска убакытка созулган кандуу атышуудан кийин экинчи ирет жолу жолугушууда.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, үч президент бирдиктүү билдирүү жасап, чырлуу аймакта абалды калыбына келтирип, ЕККУнун байкоочуларынын санын көбөйтүүгө макулдашты. Алиев менен Саргсян буга чейин майда Венада жолугушкан болчу.

Армяндар көп жашаган Азербайжандын курамындагы Тоолуу Карабак 1990-жылдардын башында эгемендүүлүгүн жарыялаган. Аны Армения колдоп чыккан. Азербайжан аймакты көзөмөлүнө алууну көздөйт. Согуш маалында 30 миңдин тегерегиндеги адам көз жумган.

Азыркы тапта ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу болсо дагы, дипломатиялык жол менен жаңжалды жөнгөрүү анчалык жыйынтык бербей келет.

XS
SM
MD
LG