Ссылки доступа

Тергөө комитети: Немцов арам акчанын курмандыгы болгон


Орусиянын Тергөө комитети  Борис Немцовдун өлүмүнө байланыштуу негизги себептерди атады. Кылмышкерлер жеке керт башынын кызыкчылыгын ойлоп, арам акча алуу максатында саясатчыны тындым кылышкан.

Комиттетин өкүлү Владимир Маркин кабарлагандай, кылмышкерлер саясатчынын башы үчүн 15 миллион рублдан кем эмес акча сайылгандан кийин, 2014-жылдын сентябрынан тарта кол салууну уюштурушкан. Ошентип, Тергөө комитети диний жек көрүүчүлүктөн улам өлтүрүлгөн деген версияны четке какты. Чеченстандык беш адамга каршы козголгон кылмыш иши тергелип бүттү. Уюштуруучулар жана буйуртма бергендердин тергөөсү уланууда.

Борис Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москвада атып өлтүрүлгөн. Бул иш боюнча Заур Дадаев, Шадид менен Анзор Губашевдер, Темерлан Эскерханов жана Хамзат Бахаев аттуу адамдар кармалган. Кылмышты уюштурган жана буйрук берген деп божомолдонгон Ченестандын ички иштер министрлигинин "Түндүк" батальонунун мурдагы жоокери Руслан Мухидиновду камоо боюнча сырттан өкүм чыккан. Немцовдун үй-бүлөсүнүн жактоочулары дагы бир уюштуруучу катары батальондун башка жоокери Руслана Геремеевдин ысымын аташкан. Бирок Тергөө комитетинин башчысы ага сырттан күнөө тагуу боюнча токтомду бекитүүдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG