Ссылки доступа

Тажикстандын мурдагы ички иштер министри эркиндикке чыкты


Тажикистандын мурдагы ички иштер министри жана Элдик фронттун лидери Якуб Салимов бүгүн боштондукка чыкты. Ал 13 жылга кесилип, түрмөдө отурган.

Салимовдун туугандары маалымдагандай, ал таңкы саат беште эркиндикке чыкты жана өзүн жакшы сезип жатат.

Якуб Салимов мындан 13 жыл мурда, 2004-жылы Москвада камакка алынган. Тажикстан Жогорку Соту аны мекенге чыккынчылык кылуу, мыйзамсыз курал сактоо жана колдонуу, ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга абакка отургузган. Бирок 2012-жылдагы мунапыстан кийин анын мөөнөтү эки жылга кыскарган.

Якуб Салимов Элдик фронттун таасирдүү башчысы катары белгилүү болгон. Ал Эмомали Рахмон бийликке келгенден кийин Тажикстандын ички иштер министри болуп дайындалган.

1997-жылы Ходжент шаарында Эмомали Рахмонду кол салуудан сактап калган. Ошол эле жылы куралдуу көтөрүлүш үчүн кутум уюуштурган деп айыпталган соң, өлкөдөн чыгып кеткен. Салимов 2003-жылы Орусияда кармалып, Тажикстандын өтүнүчү менен мекенине кайтарылып, 15 жылга түрмөгө кесилген.

Соттун чечими менен ал бардык аскердик жана мамлекеттик сыйлыктарынан кол жууган.

XS
SM
MD
LG