Анткен менен кызытмадан кармалбаган орусиялык жеңил атлеттер команда катары эмес, жеке өздөрү 2016-жылкы Олимпиадага катыша алышат.
“2016-жылдагы Олимпиада оюндарынан орусиялык жеңил атлеттер гана четтетилди. Калган 27 улуттук федерация жөнүндө сөз жок” деди Бах.
Дүйнөлүк спорттогу допинг жаңжалы 2014-жылы тутанган. Канынан кызытма табылгандардын көбү орусиялык спортчулар. Алардын арасында Олимпиадада уткандар да бар.