Ссылки доступа

Тажикстанда өмүргө кооптуу оюнчуктар сатыктан алынды


Тажикстандын керектөөчүлөр укугун коргоо агенттиги акыркы жумада Кытайдан келген 9 миң даана оюнчукту конфискациялады.

Агенттиктин 21-июнда кабарлашынча, Кытай өндүрүшүнөн чыккан оюнчуктар адам саламаттыгына зыян келтирет деп табылып, дүкөндөрдөн, базарлардан чогултулуп алынды.

Айрым оюнчуктар жасалган заттын курамында кадмий жана коргошун өңдүү коркунучтуу химиялык заттар бары айтылды.

Агенттик ошондой эле оюнчуктардын кыйла бөлүгү өлкөгө мыйзамсыз алынып келингенин кошумчалады.

Тажикстанга оюнчуктар, окуу куралдары жана кийим-кечектер негизинен Кытайдан импорттолот.

XS
SM
MD
LG