Ссылки доступа

Казакстанда оппозициячыл саясатчы абактан бошотууну суранууда


Казакстанда каттоодон өтпөгөн  “Алга” партиясынын мурдагы лидери, оппозициячыл саясатчы Владимир Козлов мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууну суранууда. Ал 2012-жылы жети жарым жылга кесилген болчу.

"Азаттыктын" казак кызматына анын жактоочусу Айман Умарова кабарлагандай, 16-июнда берилген арыз качан каралары белгисиз.

- Арызды Капшагай шаардык соту карашы керек. Мөөнөтүнөн мурда бошотуу үчүн абактагы адамдын жүрүм-турумуна көңүл бурулат. Козлов буга чейинки тартип бузууларды жойгон, - дейт ал.

Владимир Козлов мындай арыз менен экинчи ирет кайрылууда. Анын биринчи арызы абакта тартип бузгандыгы үчүн четке кагылган.

Владимир Козлов 2012-жылы Жаңы Өзөндөгү окуялар учурунда эл арасында ажырым пайда кылган чакырыктарды жасаган деп айыпталган. Ал жети жарым жылга кесилген болчу. Саясатчы бул айыпты саясий куугунтук катары баалайт.

XS
SM
MD
LG