Ссылки доступа

Евробиримдик миграцияны алдын алуу учүн эки эсе көп каражат бөлөт


Deutsche Welle кабарлагандай, Евробиримдик Европага багытталган качкындардын агымын миллиарддаган жаңы инвестициялардын көмөгү менен токтотууну көздөөдө. Европалык инвестициялык банк (EIB) пландан тышкаркы эки эсе көп каражатты Евробиримдик чөлкөмүнөн башка аймактарган жумшайт.

Жакынкы беш жылда миграция каатчылыгынын себептери менен күрөшүүгө кошумча алты миллиард евро сарптоо каралган. Биримдик качкындарды эң көп кабыл алган өлкөлөргө жардам берүү ниетинде.

Инвестициялар Иордания, Ливан, Египет жана Магрибага жөнөтүлөт. Каражаттын бир бөлүгү Батыш Балкан өлкөлөрүнө, Сербия жана Албанияга жардам иретинде жиберилет. Акча мектептерди курууга, саламаттыкты сактоого жана таза суу менен камсыздоого сарпталат.

XS
SM
MD
LG