Ссылки доступа

Пакистанда белгилүү сопу ырчыны атып өлтүрүштү


Пакистан полициясы белгилүү ырчы Амжад Сабринин өлүмүн террордук акт катары баалап, кылмышка радикалдуу ислам өкүлдөрүн айыптоодо. Себеби алар буга чейин да сопуларга кол салып келген.

Атактуу ырчыны Карачи шаарында жоочулар атып кеткен. Полициянын маалыматына караганда, ырчы Амжад Сабриге 22-июнда автомобилде бараткан кезде мотоциклчен белгисиз адамдар ок чыгарган. Аны жанындагы киши жарадар болгон. 45 жаштагы Сабринин атасы, маркум Гулам Фарид Сабри да түбү сопучулукка, ислам мистицизмине барып такалган стилде ырдачу. Диний талаптарды кынтыксыз аткарууну талап кылган талиптер сыяктуу уюмдар сопучулук салттарын кармагандарды динбезерлер катары баалашат. Сопулар буга чейин да чабуулдарга кабылып келген.

Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф терактка күнөөлүүлөрдү тезинен таап жазалоону буюрду. Азырынча ырчыны өлүмү боюнча эч ким жоопкерчиликти ала элек.

XS
SM
MD
LG