Ссылки доступа

Сирияда өзбек талаа командири өлтүрүлгөнү кабарланууда


Сириядан келген кабарларга караганда, Идлиб шаарындагы жардыруу учурунда “Жабхат Ан-Нусра” тобунун жогорку даражалуу кол башчысы Абу Бакр аль-Узбеки мерт кетти. Бул туурасында аймактык шиит телеканалдары билдирди.

Өткөн ишембиде “Жабхат Ан-Нусра” тобунун резиденциясына алыс эмес жердеги автоунаага орнотулган бомба жарылып, Абу Бакр аль-Узбеки тындым кылынган.

Маалыматтарга караганда, аль-Узбеки сириялык оппозиция менен бир катарда согушкан “ардагер-жихадчы” болгон.

Шиит булактары кабарлагандай, аль-Узбеки – бул өрөөндө өлтүрүлгөн алтынчы талаа командири.

Анын чыныгы ысымы белгисиз. Жоочунун өлүмү жөнүндөгү маалыматты көз карандысыз булактар аркылуу тактоого азырынча мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG