Ссылки доступа

Казакстанда адам өлүмүнө себепкер болгон косметолог соттолду


Орол шаардык соту бүгүн 37 жаштагы косметолог Элвира Абдулаеванын эркиндигин үч жылга чектеген өкүм чыгарды. Ошондой эле ал ушул эле мөөнөткө медициналык ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажырады. Косметолог айым жазасын Алматынын Медеу районунда өтөй турган болду.

Москвалык косметолог медициналык ишмердүүлүгү учурунда кокустуктан адам өлтүрүп алгандыгы үчүн соттолду. Тергөөнүн маалыматына караганда, окуя ушул жылдын 28-мартында Орол шаарындагы «Чыгыш Жылдызы» сулуулук салонунда болгон. Аталган косметолог кардарлардын бирине ооруну сездирбей турган лидокаин дарысын сайган. Кардар - 39 жаштагы Айжан Жаканова ошол жерден жан берген. Маркум мамлекеттик кирешелер департаментинин жетекчиси Аманжол Жакановдун жубайы эле. Анын артында үч жаш баласы калды.

Элвира Абдулаева кылган ишине өкүнүп, күнөөсүн мойнуна алды. Маркумдун туугандарына моралдык жана материалдык чыгымдарды төлөп берген соң эки тарап элдешүүнү чечкен.

Соттолуучу акыркы сөзүндө ырайым кылган маркумдун туугандарына ыраазычылык билдирип, энесиз калган жаш балдарга эрезеге жеткиче материалдык жардам көрсөтүп турууга даяр экендигин айтты.

XS
SM
MD
LG