Ссылки доступа

Демократтар АКШ Конгрессиндеги нааразычылык акциясын токтотушту


АКШ Демократиялык партиясынын өкүлдөрү отуруп алып билдирген каршылык акциясын токтотушту.

Конгресс 4-июлда белгиленчү Эгемендик күнүнүн алдында майрамдык эс алууга чыкмак. Буга жол бербөө үчүн депутаттар түнү менен имараттан кетишкен жок.

Демократтар курал-жарак сатууну чектөө жөнүндө мыйзам долбоорун кайрадан добушка коюуну талап кылышууда. Документ террордук топторго тиешеси бар жарандарга курал сатууга тыюу салат. Ал Орландодогу массалык адам өлтүрүүдөн кийин сунушталган.

Бирок республикачылар акцияны “жарнамалык жосун” деп атап, палатаны 5-июлга чейин эс алууга тараткан чечим кабыл алган. Курал-жарактын эркин сатылышына каршы болгондор Капитолийдин имаратынын алдында депутаттардын акциясын колдоп турушат.

XS
SM
MD
LG