Директор ушул жылдын март айында коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалган. Анын үйүн тинтүү учурунда 229 грамм героин табылган.
Музей директору күнөөсүн моюнга алган. Сот анын үч жаш баласы бар экенин эске алуу менен өкүм чыгарды. Бангизатты ал өзү үчүн сатып алгандыгын айткан.
Каримов Хатлон облусунун тарых музейинин башчысы болуп бир жыл мурда дайындалган. Буга чейин ал жеке ишкер болгон. Айрым маалыматтарга ылайык, ири тойканасы бар.
.