Ссылки доступа

Тажикстанда "жер мафиясы" жарым миллион доллар пайда тапкан


Тажикстанда сот Худжант шаарынын мэрия кызматкерлери баштаган аткаминерлерге карата козголгон кылмыш ишин карай баштады. Алар мыйзамсыз түрдө жер тилкелерин сатып, жарым миллион доллар пайда көрүшкөн деп айыпталууда.

Камоолор жана териштирүүлөр башталганда соттун имаратына короткон акчаларын кайтарып алууга үмүттөнгөн ондогон жабырлануучу келди.

Соттолуучулардын арасында Жер колдонуу жана геодезия комитетинин башчысы Хуршед Уматкулов жана шаар админстрациясынын жетекчиси Муин Мансуров дагы бар. Чиновниктер ортомчулук милдетти аткарышкан. Алдангандардын жалпы саны 33 адамды түзөт.

Жабырлануучулардын айтымында, ар биринен 7 миңден 14 миң долларга чейин акча алышып, бирок жер тилкесин беришкен эмес.

Айыпталуучулар тергөө амалы учурунда күнөөлөрүн моюнга алып, каражаттын бир бөлүгүн өздөрүнө калтырып, калганын чиновниктерге беришкенин билдиришкен.

Мыйзамсыз мөөр басып, кол коюп, документтерди бурмалаган башка аткаминерлерди дагы жоопко тартуу үчүн жабыралуучулар эми Башкы прокуратурага жана Тажикстандын президентине да кайрылуу ниетинде.

XS
SM
MD
LG