Ссылки доступа

Шотландия Улуу Британиянын курамынан чыгышы мүмкүн


Шотландия парламенти Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуу чечимине вето коюшу мүмкүн. Бул тууралуу жекшембиде аталган өлкөнүн биринчи министри Никола Стержен билдирди.

Ал Би-Би-Сиге берген маегинде Шотландия парламентин Британиянын Евробиримдиктен чыгуусуна каршы добуш берүүгө чакырарын айтты. Мыйзамга ылайык, Британиянын биримдиктен чыгуусуна Шотландия парламентинин расмий макулдугу керек.

Стержен шотланд калкын Евробиримдиктен чыгуунун терс кесепеттеринен сактагысы келет. Ал шотландиялык шайлоочулардын 62 пайызы өлкөнүн ЕБ курамында калуу үчүн добуш бергенин баса белгиледи.

Анын алдында Никола Стержен жетектеген шотланд өкмөтү чукул жыйын курган. Шотландиянын европалык коомдоштуктагы ордун сактап калуу үчүн биримдиктин мүчөлөрү менен тез арада сүйлөшүүлөрдү баштоо чечими кабыл алынганын кабарлаган. Ошондой эле Шотландияда Британиянын курамынан чыгуу боюнча кайра референдум өтүшү ыктымал экендигин билдирип, бул үчүн мыйзам базасын даярдоого макулдашканын кошумчалаган.

23-июнда британиялык шайлоочулардын 52 пайызы жалпы элдик добуш берүүдө ЕБ курамынан чыгууга макулдук берген, ал эми Евробиримдиктин катарында калууну жактагандар 48 пайыз добуш топтогон.

XS
SM
MD
LG