Ссылки доступа

Астана жалпы декларация тапшырууга даяр


Казакстандын Каржы министрлиги кирешелерди жалпы декларациядан өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу  Казакстандын каржы министри Бахыт Султанов билдирди.

Казакстанда 2017-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттик кызматкерлер кирешелер жана чыгышалар боюнча салык декларациясын тапшырат.

“Декларация формасы да абдан жөнөкөй. Кирешеси чакан жана ири байлыгы жок калктын басымдуу бөлүгү үчүн документ бир эле барак менен чектелет”, - деди Бахыт Султанов. Министрдин айтымында, мындай системанын киргизилиши өлкөдө адилеттүү салык системасын орнотуп, кирешелерди арттырат.

“Интерфакс-Казахстан” маалымдагандай, 2015-жылы жети триллион теңгеден турган (2,9 миллиард долларга жакын) бюджеттен 16 миллиард аткарылган эмес, андан болгону 7,8 миллирад тенге өздөштүрүлбөй калган. Чиновник бул жакшы көрсөткүч жана биргелешкен эмгектин натыйжасы экендигин белгилеген.

Ошол эле маалда каражатты эфективдүү колдонбогон учурлар бар. Эсеп палатасынын маалыматы боюнча 459 миллиард тенге натыйжасыз жумшалган.

XS
SM
MD
LG