Ссылки доступа

Орусия кыргыз продукциясын чек арадан текшерүүсүз өткөрмөй болду


Орусия Кыргызстандан ташылып келүүчү продукцияны чек арадан текшерүүнү токтотту. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Экономика министрлигинен кабарлашты.

Орусиянын айыл чарба продукциясына көзөмөл жүргүзүүчү мекемеси кабыл алган чаралардын натыйжасында Кыргызстандан тез бузулуучу продукцияны ташып бараткан унаалар мындан ары казак-орус чек арасынан токтоосуз өтө алат.

Кыргызстан 2015-жылы Армения, Беларус, Орусия жана Казакстан кирген Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгон. Ортодогу макулдашуу боюнча аталган өлкөлөр арасында бажы көзөмөлү жок. Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнүн негизги артыкчылыкы катары айыл чарба продукциясын, эт, сүт азыктарын коңшу өлкөлөргө эч тоскоолдуксуз, текшерүүсүз сатуу мүмкүнчүлүгү аталган.

Бирок Казакстан, Орусия тараптан бир нече жолу бул макулдашуу бузулуп, кыргызстандык дыйкандардын өндүргөн продукциясы чек арадан өтпөй калган болчу.

XS
SM
MD
LG