Президент улуттук курама үчүн сыймыктанарын белгилеп, Мессини «дүйнөнүн эң мыкты оюнчусу» деп атады. Президент мындай пикирин Мессиге жеке өзү телефон аркылуу айтып, сынчыларга көнүл бурбоого үндөдү.
Мессинин командада калуусун легендарлуу футболчу Диего Марадона сураган.
Атактуу футболчу Лионель Месси мындан ары Аргентина курамасы үчүн ойнобой турганын Америка Кубогу үчүн мелдештен кийин билдирген. Анда Аргентина Чилиге пенальтиде 4:2 эсебинде утулган. Бул оюнда кураманын капитаны Месси гол киргизе албай калган.