Ссылки доступа

Ташкентте бозгун олигархтын аквапаркы күйүп кетти


Дүйшөнбү күнү Ташкенттеги аквапаркта өрт чыкты. Бир убакта ал баш калаадагы бир нече дүң базарлардын ээси Дмитрий Лимге таандык болчу. Бирок борбор 2009-жылы мамлекеттин карамагына өткөн.

Айрымдар аквапаркты атайлап эле өрттөп ташташты деген пикирде.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Фозилтепа» ден соолукту чыңдоо борборун чындап эле өрт чалганын тастыктады.

Имараттын кышкы бассейн жайгашкан 800 чарчы метр аянты толугу менен күйүп кетти. Өрт кыска туташуудан келип чыккандыгы болжолдонууда. Мындан тышкары борбор атайлап эле өрттөлгөн болушу ыктымал деген версия дагы териштирилүүдө. Тилсиз жоодон эч ким жабыркаган жок.

Ташкенттик тургундун айтымында, аквапаркты Дмитрий Лим курган. "Хансарайда кышкы бассейн, көптөгөн баалуу буюмдар бар болчу. Шыпка хрусталь шам чырактар тагылган. Балким, аларды уурдап, ал эми борборду атайлап өрттөп жиберишкен болушу мүмкүн”, -деди ал.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Лимди мамлекетке 600 миллиард сум зыян келтирген деп айыптаган. Маалыматтарга карганда, эл аралык издөөгө алынган ишкер азыр АКШда жашайт.

XS
SM
MD
LG