Ссылки доступа

Алматыда антидопинг лабораториясына аккредитация берүү токтотулду


Дүйнөлүк допингге каршы агенттиги Алматыдагы кызытмага каршы лабараторияны акаредитациялоону төрт айга токтотту. Уюм 28-июнда билдирүүсүндө айтылгандай, лабораториянын ишмердүүлүнө толук тыюу салынды, анын ичинде атлеттердин кан жана заара анализдерин алууга да болбойт.

Бул иштин сапатын баалоодо катаал процедураларды киргизүүнүн натыйжасы болуп саналары белгиленген. Казак лабораториясы үч аптанын ичинде Спорттук арбитраждык сотко аппелция бере алат.

Өткөн жумада Риодогу лаборатория жабылган. Бул Бразилиядагы Олимпиада оюундарына катыша турган спортчуларды текшерүүдө белгисиз жагдайларды жараткан эле. Үстүбүздөгү жылы Кытай, Испания, Түштүк Африка жана Португалиядагы лабораториялардын ишмердүүлүгү токтотулган.

Мындан бир жума мурда казак премьер-министри Карим Масимов лабороторияларды заманбап үлгүдө жабдуу үчүн жеке демөөрчүлөрдү табуу демилгесин көтөргөн эле. Андан төрт күн мурун төрт казак спортчусу – 2012-жылдын алтын медалынын ээлери кызытма тестинен өтпөй калышкан эле. Алар сыйлыктарынан кол жууп калуулары мүмкүн.

XS
SM
MD
LG