Ссылки доступа

Орусияда токойлор өрттөнүп жатат


Орусиянын Иркутск облусунда 20 миң гектардан ашуун токой аянтын өрт каптады. Метеорологдордун божомолу көңүл жубатарлык эмес. Жакынкы үч күндө Иркутсктун сегиз районунда өрт чыгуу коркунучу сакталып турат. Андан тышкары  тогуз аймакты тилсиз жоо каптайт деген түйшөлүүлөр бар.

Токойдогу жалындын очогун таап, аны өчүрүүгө миңдеген адам катышууда. Бийлик тилсиз жоону жеңүү үчүн күч-кубат жетиштүү экендигин айтууда.

Иркутскта өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Өрт коопсуздугун бузгандар полиция кызматкерлерине айыппул төлөп жатышат.

– Кырсыктын алдын алуу үчүн керектүү иш-аракеттерди жасабаган ишкана, уюм жана кызматкерлер айыпка жыгылууда. Усть-Кут районундагы токойлорду ижарага алып иштеткендерге протокол түзүлдү, - дейт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Иркутск облусундагы башкармалыгынын башчысы Валентин Нелюбов.

XS
SM
MD
LG