Туркия президенти Режеп Эрдоган 29-июнду улуттук аза күтү күнү деп жарыялаган.
Премьер-министр Бинали Йылдырым кабарлагандай, 28-июнь күнү кечинде үч жоочу Ататүрк аэропортунун көзөмөл бекетинин жанында ок чыгарган. Бул учурда эки жанкечти имараттын ичине кирип, жардыруу уюштурушкан. Дагы бирин полиция жаракат кылган учурда ал өзүн өзү көчөөдө жардырып жиберген.
Азырынча теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким моюнуна ала элек. Бирок түрк бийлиги кандуу окуянын артында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу турат деп эсептейт.
Соңку жарым жыл ичинде Түркияда бир нече ири теракттар уюштурулду. Бул акыркы алты айда Түркияда болгон ири сегизинчи жардыруу болду.