Ссылки доступа

Бишкекте Стамбулдагы теракт курмандыктары эскерилди


Бишкекте Түркия элчилигинде Стамбулдагы террордук чабуулдардан мерт кеткендерди эскерүү иш-чарасы өттү. Ага белгилүү саясатчылар, жарандык активисттер, Кыргызстандагы түрк окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү, жалпысынан 50дөн ашуун адам катышты.

Алар Стамбулдагы чабуулду айыптап, террорчулук жалпы дүйнө үчүн коркунуч жараткан көрүнүш болуп жатканын белгилешти.

Окуяга байланыштуу ачылган "Көңүл айтуу китебине" түрк элине тилектештик, тынчтык каалоолору жазылууда.

Элчилик өкүлдөрү келгендерге ыраазылык билдирип, оор күндө бирге болгондорго рахмат айтты.

28-июнда Стамбулдун Ататүрк аэропортунда теракттан 40тан ашуун адам набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG