Ссылки доступа

Тажикстанда кыргыз жарандыгын алуу катаалдашат


Тажикстан 30-июнда Кыргызстан менен “Жарандыкты жөнөкөйлөштүргөн жол менен алуу” тууралуу макулдашуусун жокко чыгарды. Бул ансыз да кыйынчылыкта жашаган Тажикстандын Жерге-Тал, Мургаб райондорундагы кыргыздарды катуу убайымга салары айтылууда.

Мажлис спикери Шүкүржон Зухуров “Жарандыкты жөнөкөйлөштүргөн жол менен алуу” тууралуу макулдашуусу чек ара маселелеринде талаш-тартыш, түшүнбөстүк жаратышы мүмкүндүгүн эскертип, тажик өкмөтү келишимди бир тараптуу жокко чыгарууну сунуштаганын айтты.

Бейрасмий маалыматта тажикстандык жарандар Орусияга жеңил-желпи чыгуу, орус жарандыгын салыштырмалуу жеңил алуу жана армияга барбаш үчүн кыргыз жарандыгын алып жатканы демилгеге негизги себеп болгону айтылууда.

Эки өлкө сөз болуп жаткан келишимге 2004-жылдын 26-майында Дүйшөмбүдө кол коюшкан. Ага ылайык, Мургаб жана Жерге-Талда жашаган этникалык кыргыздар кыргыз жарандыгын төрт же алты айда, жеңилдетилген шартта алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Жеңилдиктер алынса, кыйынчылык канчалык көбөйөрү азырынча беймаалым. Денонсация тууралуу документ келе электигинен азырынча бул маселе боюнча кыргыз бийлигинин пикири да белгисиз.

XS
SM
MD
LG