Ссылки доступа

Интернет-басылмаларды массалык маалымат каражаттарына теңөө сунушталууда


Өлкөдө интернет-басылмаларды жалпыга маалымдоо каражаттарына теңөө боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат. Бул тууралуу басма сөз жыйынында «Республика Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов билдирди.

Анын айтымында, маалымат агенттиктери жана интернет-басылмалар тараткан маалыматтары үчүн жоопкерчиликтүү болуп, мыйзам алдында жооп бериши керек. Буга чейин мындай мыйзамдын зарылдыгын депутат Кожобек Рыспаев да айткан.

Жогорку Кеңеш 22-июнда ММК жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду биринчи окууда кабыл алды. Документ чет өлкөлүк жарандарга жана уюмдарга ММКларды түзүүгө жана ээлик кылууга тыюу салат. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарын чет өлкөдөн каржылоого бөгөт коет.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Кожобек Рыспаев буга чейин өзгөрүүлөр бир гана телеканалдарга тиешелүү болорун жарыялаган.

Укук коргоочулар жана журналисттер мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектей тургандыгын билдирип, документти артка кайтарууга үндөшкөн.

XS
SM
MD
LG