Ссылки доступа

Өзбекстанга чейин жашыруун өтмөк казып барган жаран кармалды


Өз үйүнөн Өзбекстанга чейин жашыруун өтмөк казган жаран кармалды.  Тереңдиги 7-8 метр жана узундугу 110 метр болгон жер астындагы тоннелди 17-мартта өзбек чек арачылары таап, кыргыз кесиптештерине эскертүү берген. Бул окуядан соң кыргыз-өзбек чек арасы убактылуу жабылган.

Колго түшкөн 25 жаштагы жигитке чек арадагы жашыруун тоннелди өз үйүнөн коңшу өлкөнүн чек арасына чейин казып барып, аткезчилик жол менен товарларды өткөрүп турган деген айып тагылды. Мындан тышкары миграциялык мыйзамдарды бузуп, бажы төлөмдөрүнөн качкандыгы боюнча да кине коюлду.

Өзбекстандын чек ара кызматы 25-мартта Фергана облусунун Алты-Арык районундагы бир үйдүн короосунан жер астындагы жашыруун өтмөк табылганын жарыялап, анын экинчи учун табууну кыргыз тараптан суранган. Кыргызстандын Чек ара кызматы менен башка тиешелүү органдары дароо издөө иштерин баштап, колдо казылган ошол тоннелдин экинчи учун Баткендин Кадамжай районундагы Кыргыз-Кыштак айылынан тапкан.

Өзбек чек арачылары тоннель диний-экстремисттик адабияттарды, курал-жарактарды аткезчилик жол менен ташуу максатында колдонулуп жүргөн болушу мүмкүндүгүн да билдирген.

Кыргызстандын укук коргоо органдары кабарлагандай, өтмөктү казган адамды дароо кармашпай, алгач анын сары изине түшүшкөн. Буга чейин өзбек тарап тоннель аркылуу Фергана өрөөнүнө экстермисттер дагы өтүп жүрүгөн болушу ыктымалдыгын айткан эле.

XS
SM
MD
LG