Келишим боюнча Орусиядан Тажикстанга ташылып келген мунай продукциялары бажы төлөмдөрүнө бошотулат. Кеп 1 миллиард тоннага жакын товар жөнүндө болуп жатат. Буга автоунаа бензини, дизелдик май, реактивдүү кыймылдаткычтардын майы, мазут, битум, кокс кирет.
Документте белгиленгендей, Орусиядан бажы төлөмү жок келген мунай продукцияларын реэкспорт кылууга тыюу салынат. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө башка өлкөлөрдөн келген күйүүчү майларды тышка кайра сатууга дагы бөгөт коюлган. Эгер мыйзам бузулса, орус тарап жеңилдиктерди алып таштоого укуктуу.
Орусия ИИМинин маалыматына караганда, келишим убактылуу түрдө 2013-жылдын 12-ноябрынан тарта иштеп жаткан. Бул аралыкта Тажикстанга 200дөн 600 тоннага чейин мунай продукциялары ташылып келген.
Айрым эксперттердин божомолунда, бул келишим менен Орусия аскердик базасын Тажикстанга 2042-жылга чейин бекер жайгаштырууга макулдук алган.