Ссылки доступа

НАТО Орусия менен диалог курууга аракеттенүүдө


НАТО башчысы Йенс Столтенберг Түндүк атлантикалык альянстын жетекчилиги бул жуманын аягында НАТОнун варшавалык саммитинен кийин Орусия менен расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.

НАТО-Орусия Кеңешинин мүчөлөрүнүн буга чейинки жолугушуусу эки жылдык тыныгуудан кийин быйыл апрелде өткөн. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптардын көз караштары төп келбей жатканы айтылган. Негизинен Украинанын чыгышындагы кризисти жөнгө салуу боюнча маселеде бир пикирге келишкен эмес.

НАТО-Орусия Кеңеши диалог үчүн форум катары маанилүү. Столтенберг журналистерге билдиргендей, бул тараптар ортосундагы мамилени аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт. Саммиттин күн тартибинде Польша, Литва, Латвия жана Эстонияда НАТОнун төрт батальонун жайгаштыруу маселеси дагы бар.

Украинанын чыгышындагы кагылышуу жана Крымдын аннексияланышынын кийин НАТО менен Орусиянын ортосундагы мамиле кыйла солгундап кеткен.

XS
SM
MD
LG