Ссылки доступа

Казакстанда ымыркайларды сатуу менен шугулдангандар эркинен ажыратылды


Алматы шаарынын  район аралык соту кечээ “27 наристени сатуу жөнүндөгү” ишке катыштыгы бар 32 адамга өкүм чыгарды.

Сот отурумуна маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок. Өкүм чыгаруу жараянына алар видеомонитор коюлган башка бөлмөдөн көз салышты.

Алдын ала сүйлөшүп алып, документтерди жасап, жашы жете элек балдарды саткан деп айыпталып жаткандардын күнөөсүн сот далилденди деп эсептеди. 15 адам түрмөгө камалды. Кылмыш жасоодо негизги роль ойногон медицина кызматкерлери бештен тогуз жылга чейин эркиндигинен ажыратылды. Калгандары эки жылдан түрмөгө кесилди. Өз балдарын билип туруп саткан энелер эки жылга камалды. Ал эми балдарды багып алгандар күнөөсүн моюнуна алып, өкүнгөнү үчүн жоопкерчиликке тартылган жок.

32 айыпталуучунун он беши түрмөгө кесилгенден кийин алардын колдоруна дароо кишен тагылды. Жаза өтөө мөөнөтү кечээтен, 2016-жылдын 5-июлунан тарта эсептелет. Өкүм окулуп баштаганда айыпталуучулардын бири өзүн начар сезгендиктен, сот өкүмүн окубай турду. Залдагы тез жардам бригадасы ошол жерден жардам көрсөттү.

Соттун версиясы боюнча Алматы облустук көп багыттуу оорукананын төрөт бөлүмүнүн кызматкерлери 8 жылдан бери жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатып келген. Божомол боюнча алар айрым энелерди балдарынан баш тартууга көндүрүп, наристелерге жаңы ата-эне издешкен. Өкүмгө ылайык, ымыркайлардын документтерин төрөгөн аялдарга эмес, дароо сатып алуучуларга жаздырып турушкан.

XS
SM
MD
LG