Ссылки доступа

 GM-Uzbekistan компаниясынын мурдагы башчысынын мүлкү сатыкка коюлду


Орусиянын Воронеж, Липецк жана Ижевск шаарларында “Малика” кафе түйүндөрү сатыкка коюлду. Алар өзбек-америкалык GM Uzbekistan автоконцернинин мурдагы башкы директору жана «Узавтосаноаттын» төрагасынын мурдагы орун басары Тохиржон Жалиловго таандык болчу.

“Азаттыктын” өзбек кызматына маалым болгондой, Өзбекстанда тергөө абагына алынган Жалилов Орусияда ири ишкана жана соода компанияларына ээлик кылган. Күн мурун Avito сайтында Воронеждеги кафелери сатыкка коюлганы кабарланды.

Автоконцернди 2010-жылдан бери башкарган Тохиржон Жалилов быйыл апрелдин аягында камалган. Ага компаниянын каражатын алдамчылык жол менен кымырып алган деген айып тагылууда. Аткаминер GM Uzbekistan өндүрүшүндөгү автоунааларды Орусияга экспорттоо учурунда мыйзамсыз жол менен каражат өөнөгөн. Тохиржон Жалиловдон башка тергөө абагында кеминде 10 киши жатат, алардын арасында GM Uzbekistan компаниясынын мурдагы директорунун уулу дагы бар.

Бир жыл мурун Жалилов Федералдык миграция кызматынын Воронеждеги башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Николай Полуказаковго карата козголгон кылмыш ишинде күбө катары чакырылган. Кийин ал 8 жылга эркинен ажыратылган.

Федералдык миграция кызматынын мурдагы башчысы 2,5 миллион рублга тете Volkswagen Touareg үлгүсүндөгү аввтоунааны «Uz-Daewoo – Воронеж» жоопкерчилиги чектелген коомунун коопсуздук кызматынын жетекчиси Виктор Лапинден пара иретинде алган. Орусия тергөөчүлөрүнүн маалыматына ылайык, кымбат баалуу автоунаа ага Тохиржон Жалиловдун автосалонунан белекке берилген.

Жалилов бул үчүн Өзбекстандан чыккан жарандардын Орусияда иштөөсүнө жана убактылуу жашоосуна уруксат алган.

XS
SM
MD
LG