АКШ Каржы министрлиги 6-июлда Түндүк Кореядагы режимге каршы киргизилген жаңы чараларды жарыялады. Буга удаалаш эле АКШ депаратменти Кимди соттон тышкары адамдарды өлүм жазасына өкүм кылуу, күч менен жумуш кылдырып, кыйноолорго алуу боюнча айыптаган баяндама жарыялады.
Бул баяндамада жыйырмадай чиновниктин ысымы аталган. АКШнын баамында алар эмгек лагерлер системасын түзүүгө, Түндүк Корея чыккынчы деп эсептеген бозгундарды кайтарууга аралашкан.
Өткөн жылы АКШ башка өлкөлөрдүн башчыларына, анын ичинде Александр Лукашенко жана Башар Асадга санкция киргизген.