Ссылки доступа

Мамдуманын сайтында Путин кол койгон мыйзамдын тексти өзгөртүлдү


Кечээ кечинде Мамлекеттик думанын сайтында «Курал жөнүндө» мыйзамдын тексти өзгөртүлдү. Аны парламент июндун аягында кабыл алган эле. Бул тууралуу «Коммерсант» билдирди.

Мыйзамдын жаңы версиясында Орусия президенти Владимир Путин 3-июнда кол койгондой, куралды он жыл эмес, беш жыл кармоого уруксат берилет деп жазылган. Буга чейин Мамдуманын сайтында 10 жылдык мөөнөт белгиленген түрү жарыяланган болчу.

Мыйзам долбоорунун алгачкы вариантында 5 жылдык мөөнөт киргизилген. Бирок кийин ал айрым депутаттар тарабынан өзгөртүлүп, мөөнөт 10 жылга жогорулатылган жана мыйзам экинчи окууда кабыл алынган. Ага карабай президент алгачкы вариантына кол койгон. «Коммерсант» белгилегендей, мыйзам буга жол бербейт.

Думанын коопсуздук боюнча комитетинин төрага орун басары Дмитрий Горовцев президентти бул мыйзамдын күчүнө киришин токтотуп турууга чакырды. Ал долбоорунун текстинин өзгөртүлүшүн «болуп көрбөгөндөй окуя» деп атады. Мамдуманын вице-спикери Игорь Лебедев дагы Кремль менен Федерация Кеңеши бул окуя боюнча ички иликтөө жүргүзүшү керек деп белгилешти.

Парламент мыйзам долбоорунун бир версиясын кабыл алганы, ал эми президент башкасына кол койгону 5-июлда ачыкка чыкты. Кремлде бул дал келишпестикти парламенттин маалымат базасындагы ката менен түшүндүрүштү. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, куралга 10 жылга уруксат берилиши керек деген сунуш мыйзам долбоорунун мурунку версияларында жазылып жүргөн. Бирок жыйынтыгында Мамдума беш жылга курал алып жүрүүгө жол берген документти кабыл алган. Ушул эле вариант Федерация Кеңешине түшүп, андан кийин гана президенттин колу коюлду деп билдирди Песков.

XS
SM
MD
LG