Ссылки доступа

Обама Европага беш күндүк иш сапарга аттанды


АКШ президенти алгач Варшавада НАТОнун саммитине катышат. Андан кийин Обама мамлекет башчы катары Испанияга алгачкы визитин жасап, бул өлкөнүн Мадрид жана Севилья шаарларында болот.

Варшавада Обаманын Еврокеңештин президенти Дональд Туск, Еврокомиссиянын башчысы Жан Клод Юнкер, НАТО башкатчысы Йенс Столтенберг, Польша президенти Анджей Дуда менен сүйлөшүүлөрү мерчемделген.

АКШ президентинин кеңешчиси Бен Родс кабарлагандай, НАТОнун алгачкы сессиясында Черногориянын альянска кошулуусу, коргонуу чыгымдары, киберкоопсуздук маселелери талкууланат. Жума күнгө белгиленген экинчи жыйында негизги көнүл Орусияга бурулат.

НАТО негизделгенден бери жогорку деңгээлдеги 27 жолугушуу болгон. Польшадагы саммитке 58 расмий делегация катышат. Алардын ичинде уюмга шерик жана өнөктөш өлкөлөр бар. Ошондой эле БУУ, ЕБ, Дүйнөлүк банк жана НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү барат.

XS
SM
MD
LG