Ссылки доступа

Березовкада ууланган балдарды дарылоо үчүн каражат талап кылышууда


Батыш Казакстан облусундагы Березовка айылында жашаган балдардын ата-энелеринин атынан чыгып жаткан “Балдарбы же мунайбы?” коалициясынын өкүлдөрү Карачаганак жаратылыш газын иштеткен Karachaganak Petroleum Operating B. V. (КПО) консорциумуна кирген компанияларга петиция жазып жөнөтүштү.

Ага 11 ата-эне жана 77 казакстандык жана эл аралык укук коргоо уюму кол койгон. Петицияда Березовкадагы оорукчан балдарды дарылоо үчүн каражат берүүгө консорциумдун мүчөлөрү милдеттүү деп айтылат.

“Балдарбы же мунайбы?” коалициясынын өкүлү Сергей Соляниктин айтымында, балдар Карачаганак кениндеги уулуу заттардын чыгышына байланыштуу ооруга чалдыгышты. Бирок ууланган балдардын ата-энелери компаниядан дагы, Казакстандын бийлигинен да эч кандай кенемте алган жок.

Березовка айылы Казакстандагы эң ири мунай газ конденсаты чыккан Карачаганак кенине жакын жайгашкан. 2014-жылдын ноябрында жергиликтүү мектептин 26 окуучусу массалык түрдө ууланган. Азыр алар маал-маалы менен эсин жоготуп, тарамыштары тырышып калат. Айыл тургундары балдардын уулануусун кен менен байланыштырышат. Бийлик болсо мектептеги от казандан газ чыгып кеткенден улам окуучулар ууланып калышты деп билдирип келет.

2015-жылдын соңунда бийлик Березовкадан коңшу Аксай шаарына 82 үй-бүлөнү көчүргөн. Калган 372 үй-бүлө кенге жакын жашоодо, аларды быйыл жылдын аягына чейин көчүрүү пландалган.

XS
SM
MD
LG