Тартип сакчыларга өзү келген уюм мүчөсү Орифжон Эргашев болуп чыкты. Ал “Такво” мечитинин мурунку имамы жана Хужанд шаарында Шейх Муслихиддин атындагы борбордук мечиттин башкы имам орун басары болчу. «Ихвон-ул-муслимин» уюму 2006-жылы Тажикстандын Жогорку соту тарабынан экстремисттик деп таанылган.
Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги “Азаттыктын” тажик кызматына билдиргендей, төрт ай мурун «Ихвон-ул-муслиминге” мүчө алты имам кармалгандан кийин Орифжон Эргашев качып кеткен. Алгач ал Дубай, андан кийин Орусияга барган. Тыюу салынган уюмдардын мүчөлөрү күнөөсүн моюнга алса, жазадан кутуларын билген соң мекенине кайтып келген.
Орифжон Эргашевге карата экстремисттик бирикмеге катышкандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Прокуратура мурунку имамдын буга чейин жасаган күнөөлөрү жок болсо, эркиндикке чыгарыларын билдирүүдө.
Орифжон Эргашев алгачкы суракта тергөөчүлөргө айтып бергендей, 1993-2001-жылдары четте окуп жүргөндө «Ихвон-ул-муслимин» уюмуна кошулган. Ал дээрлик 15 жыл бою бул уюмдун идеясын жайылтып жүргөнүн, жыл сайын эмгеги үчүн 3-4 миң доллар алып турганын кошумчалады.