Ссылки доступа

Обама НАТОну саясий эрк көрсөтүүгө үндөдү


АКШ президенти Барам Обама НАТО саясий эркин көрсөтүп, чакырыктарга жооп берүү үчүн милдеттенмелерди алышы керек деп билдирди.

Кеп «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу, Орусия, Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуу чечимине байланыштуу коркунучтар жөнүндө болуп жатат. Ошондой эле Европага качкындардын агып келишине түрткү болгон жаңжалдар жөнүндө болууда. Бүгүн Варшавадагы НАТО саммитине бир нече саат калганда Financial Times гезитине чыккан макалада Обама «Муздак согуш бүткөндөн бери трансатлантика альянсы үчүн бул эң маанилүү учур болушу мүмкүн» деп айтты.

НАТО Орусияны тыюу үчүн белги жөнөтүп, ИМдин чабуулдарынан, мигранттардын Европага агылуусунан, Брекситтен жана Ооганстанда «Талибандын» жанданышынан пайда болгон коркунучтарда ички биримдигин көз көрүнөө көрсөтөт деп күтүлүүдө. Негизинен Батыштын нааразычылыгын жараткан Орусияга көп көңүл бурулат деп болжолдонууда.

«Орусиянын Украинага каршы агрессиясы биз элестетип жүргөн бирдиктүү, эркин жана тынч Европага коркунуч жаратууда», - деди Обама. Президент НАТОго кирген өлкөлөрдөгү «Ислам мамлекетинин» экстремисттик тобунун чабуулдары, Улуу Британиядагы референдумдун жыйынтыктары жана качкындардын агылып келишине жеткирген «Африкадан тарта Сирия жана Ооганстанга чейинки» кагылышуулар жөнүндө дагы пикирлерин айтты.

Варшавадагы жолугушуу Барак Обама үчүн НАТОдогу акыркы саммити болуп калат. Анын президенттик ыйгарым укуктары январда бүтөт.

XS
SM
MD
LG