Ссылки доступа

Тажикстанда эки жаран түрмөдөн качып чыгууга аракет жасады


Дүйшөнбүнүн №4 түзөтүү колониясында жаткан эки адам качып кетүүгө аракет кылды. Тажикстан Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу башкы башкармалыгынан өз булак билдиргендей, бул окуя 8-июлга караган түнү болгон.

Анын айтымында, качуу планын түзгөндөр таштанды ташыган унаага жашынып, акыр-чикир төгүлүүчү жайга чейин барышмак. Экөө тең ыңгайлуу учурду күтүп, жашынып турушкан. Бирок коңгуроо кагылып, колония кызматкерлери аларды издеп баштаган.

Өз булак билдиргендей, соттолгон жарандар абактан сырткары чыккан эмес. Көрүнбөгөн жерде жашынып жатышкан. Алар 8-июль күнү табылып, колго түшүшкөн.

Максаттары ишке ашпай калган жарандар эми бул аракеттери үчүн кошумча жаза мөөнөтүн алуулары мүмкүн. Алардын ысымдары айтылган жок, бирок уурулук жана бейбаштык үчүн соттолушканы маалым болду.

Күч түзүмүндөгү өз булак дагы түзөтүү колониясынан качууга аракет жасоо болгонун “Азаттыктын” тажик кызматына тастыктады.

XS
SM
MD
LG