Ссылки доступа

BIRN: Аблязовдун Белградда мүлкү болгон


Balkan Investigative Reporting Network (BIRN) маалымат түйүнү Казакстандын саясий эмигранты Мухтар Аблязов Белградда концерттик-көргөзмө борборуна жана мейманканаларга жашыруун түрдө ээлик кылганын билдирди. Ал ушул тапта Франциянын абагында экстрадиция боюнча чечимди күтүп жатат.

Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борборунун сайтында жарыялангандай, Муктар Аблязов Belexpocentar көргөзмө борборун жана ага жакын жайгашкан Holiday Inn мейманканасын офшордук компаниялар аркылуу алган. Бирок Аблязов бул долбоорго катышы бар экендигин четке каккан.

Казакстанда Мухтар Аблязов БТА банктан миллиарддаган долларды уурдап алган деп айыпталууда. Каржы мекемеси 2009-жылы өкмөттүн көзөмөлүнө өткөнгө чейин Аблязовдун башкаруусунда болгон. Мухтар Аблязов ошол эле жылы Казакстандан чыгып кеткен. 2013-жылдан бери ал Орусияга экстрадициялоо боюнча чечимди күтүп, Франция түрмөсүндө жатат. Казакстан, Орусия жана Украинада ал БТА банктан каражаттары чыгарып кеткен деген кине менен күнөөлүү эсептелип келет.

XS
SM
MD
LG