Ссылки доступа

Ооганстандын Файзабад шаарында тажик консулдугу иштей баштады


Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Тажикстан консулдугу өз ишин кайра жандандырды. Ал жарым жыл мурун коопсуздук маселелерине байланыштуу ишмердүүлүгүн токтоткон болчу.

Тажикстандын Ооганстандагы элчиси Шарофиддин Имомов кабарлагандай, ооган тараптын бир нече өтүнүчүнөн улам жана Бадахшан провинциясындагы жашоочулардын оор шарты эске алынып, Тажикстан Файзабад шаарындагы консулдуктун ишин кайра жандандырды.

Тажик дипломаттары Файзабад шаарына келип, жумуш үчүн ынгайлуу шарттарды түзүп башташты. Андан тышкары дипломатиялык өкүлчүлүктүн жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча Ооганстандын өкмөттүк мекемелери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бул арада Кундуздагы коопсуздук боюнча кырдаал тажик дипломаттарынын кайра иштөөсүнө жол бербегендиктен, ал жакта консулдук али иштей элек.

ТИМ маалыматына ылайык, Кундуз шаарындагы Тажикстан консулдугунун имараты 2015-жылы 28-сентябрда талиптердин кол салуусуна кабылып, талкаланган.

XS
SM
MD
LG