Conflict Intelligence Team тобунун дагы бир бүтүмүнө ылайык, башта кабарлангандай, сириялык Ми-25 учагы эмес, орусиялык Ми-35М учагы кулаган. Иликтөө тобунун кызматкерлери бул факт далилденгенин билдиришүүдө.
8-июлда ММКлар сириялык Ми-25 учагы кыйроого учураганын, анын бортунда эки орусиялык учкуч-инструктор болгонун жарыялашкан. Ошол эле күнү "Ленты.ру" агенттигинин Коргоо министрлигиндеги өз булагы Ми-35М тик учагы бутага алынганын айткан. Бирок Коргоо министрлиги бул маалыматты тастыктаган эмес.
Интерфакс 9-июлда Сириядагы өз булактарына таянып, Пальмира аймагында жоочулар сирия өкмөтүнүн Ми-24 тик учагын атып түшүргөнүн билдирген. Вертолетту террорчулар жерден аткылагыны маалымдалган эле.