Ссылки доступа

Дэвид Кэмерон шаршембиде отставкага кетет, Тереза Мэй премьер болот


Тереза Мэй шаршемби күнү Улуу Британиянын премьер-министри болот. Азыркы өкмөт башчы Дэвид Кэмерон 13-июлда, түштөн кийин ханыша Елизавета II'ге отставкага кетүү боюнча расмий түрдө арыз тапшырат.

Кэмерондун төрагалыгы алдында британ өкмөтүнүн акыркы жыйыны шейшембиде өтөт.

Буга чейин Улуу Британиянын энергетика министри Андреа Ледс өкмөт башчылык үчүн ат салыштан чыкканын жарыялаган. Ошентип, премьер-министрликке ички иштер министри Тереза Мэй жалгыз талапкер болуп калат. 53 жаштагы Ледс Улуу Британиянын Европа биримдигинен чыгуусу үчүн үгүттөгөн. Акыркы алты жылдан бери ички иштер министри болуп иштеп келаткан Тереза Мэй Британиянын биримдикте калышын жактаган. Бирок 23-июндагы референдумдун чечимин турмушка ашыруу керектигин билдирген.

XS
SM
MD
LG