Ссылки доступа

Москва метросунда авариялар жөнүндө маалыматтар жашыруун калууда


Москва метрополитен жетекчилиги жер алдындагы авариялар тууралуу маалыматтарды жашырып коюуда. Бул тууралуу "Говорит Москва" радиостанциясына метро кызматкерлеринин көз карандысыз кошуунунун төрагасы Николай Гостев билдирди.

“Свобода” радиосуна маек берип жатып, Гостев бузулуулар жөнүндөгү маалыматты жаап-жашыруу үчүн метрополитен директору Дмитрий Пегов кол алдындагыларга пресса менен сүйлөшүүгө тыюу салганын айтты. Ал бузулуулар жөнүндө кабардар кылып, жабдууларды оңдоо үчүн каражаттарды кыскартпоону талап кылгандарды иштен кетирүүгө аракеттенет.

Гостевдин айтымында, көпчүлүк вагон жана эскалаторлор СССР доорунда өндүрүлгөндүктөн, эскирип иштен чыгууда. Буга кошумча тетик-шаймандар жетишсиз. Мунун бардыгы аварияларга жол ачууда.

"Бизде 12 чакырым рельстин экөөнү гана алмаштырышты. Рельстин алдына төшөлүүчү жыгачтын 800үн гана жаңыртышты”,-дейт көз карандысыз кошуундун төрагасы. Ал жетекчиликтин мындай аракеттери адам өлүмүнө алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

Жумушчулар буга чейин Мамдума депутаттарына, Москва мэриясына, Башкы прокуратурага, Унаа министрлигине кайрылышкан. Бирок алардан курулай гана жооптор келип, жыйынтык чыга элек.

XS
SM
MD
LG