Ссылки доступа

Актөбөдө 12 киши ИМ тобуна кирүүгө аракет кылгандыгы үчүн соттолушту


Актөбө шаардык соту 12 жергиликтүү жаранды алты жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратты. Алар Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарына кошулууга аракет кылган деп айыпталышкан.

Айыпкерлер террордук топторго кошулуу, террорчулукка көмөк көрсөтүү жана экстремисттик уюмдарды каржылоо боюнча күнөөлүү деп табылды.

Түрмөгө кесилгендердин эң жашы 20да, улуусу 67де. Алардын бардыгы ишсиз, үй-бүлөлүү, үчөө буга чейин соттолгон. Соттун материалдарына карганда, алар экстремисттик топтун азгыруучулары менен интернет аркылуу байланышып, жасалма паспорт алууга аракеттенишкен. Сот мындан тышкары алардын мүлкүн кенемтеге алуу чечимин чыгарды.

Казакстанда ИМ расмий түрдө террордук уюмдардын катарына былтыр октябрда киргизилген.

XS
SM
MD
LG