Ссылки доступа

Сербия Гуантаномодон которулган тажик туткунун кабыл алды


Сербия АКШнын Кубада жайгашкан Гуантанамо аскерий түрмөсүнөн которулган эки туткунду кабыл алды. Бул кабарды 11-июлда АКШнын мамдепартаментинин жана Пентагондун өкүлдөрү тастыктады.

Мамдепартменттин өкүлүнүн айтымында, тажикстандык Мухаммади Давлатов менен Йемен жараны Мансур Ахмад Саад аль-Дайфи которулат.

Мамлекеттик департамент билдиргендей, Гуантаномодо камакта отурган адамдар Сербияга биринчи ирет которулуп жатат. Давлатов боюнча чечим анын ишин алты америкалык мекеме – Коргоо министрлиги, Мамдепартамент, Адилет министрлиги, Улуттук чалгындоо башкармалыгынын директору жана АКШнын Штабдар башчыларынын бириккен комитети карап чыккандан кийин кабыл алынган.

Пентагон болсо өз билдирүүсүндө Аль-Дайфинин которулушу былтыр октябрда эксперттик кеңештин чечими менен жактырылганын айткан. Кеңеш Аль-Дайфини камакта кармоо АКШнын улуттук коопсуздугу үчүн зарыл эмес деген аныктама берген.

Ушуну менен Гуантанамо түрмөсүндө 76 туткун калды.

XS
SM
MD
LG