Ссылки доступа

Киев: Донбасста эки орус жоокери туткунга алынды


Украиналык аскерлер Донецк облусундагы Троицкое айылында болгон атышууда Орусиянын эки жаранын туткунга алышты. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Украина президентинин администрациясынын өкүлү Андрей Лысенко билдирди.

Анын айтымында, өткөн түнү жикчилдердин тобу украин аскерлеринин артынан кирүүгө аракет жасаган. Атышууда кол салган эки киши оор жаракат алып, бирөө каза тапты.

Украинанын башкы штабы каза болгон жоокерден табылган паспорттун сүрөтүн жарыялады. Сүрөттө көрүнгөндөй, документ 39 жаштагы орус атуулу Натан Цакировго таандык. Калган эки жоокердин ысымдарын украин аскерлери атаган жок. Учурда алар ооруканада экени белгилүү.

Киев менен Батыш өлкөлөрү Украинанын чыгышында жикчилдирге курал менен көмөк көрсөтүүдө деп Кремлди айыптап келет. Москва бул дооматтарды четке кагууда.

Өткөн суткада Донбасста бир украин жоокери каза болуп, ону жарадар болду

XS
SM
MD
LG