Ссылки доступа

Обама: АКШ раса аралык мамиледе бир топ илериледи


АШК президенти Барак Обама ѳткѳн жумада наарызылык акциясында каза болгон тартип сакчыларын эскерип, ѳлкѳ полиция тарабынан расалык теңсиздикке жана зомбулукка кабылып жатканда биримдикке үндѳдү.

Обама 12-июлда Далласта полиция зомбулугуна каршы акцияда каза болгондорду эскерүү иш-чарасына катышты. 7-июлда ѳткѳн нааразылык жүрүшүндө полиция кызматкерлери атып ѳлтүрүлгөн.

«Даллас, мен силерге тѳмѳнкүлѳрдү айтайын деп келдим: биз үмүтүбүздү үзбѳшүбүз керек. Мен бул жерге биз сырттан кѳрүнгѳндѳй бѳлүнүп калган жокпуз деп айтуу үчүн келдим. Мен муну билем, анткени мен Американы билем. Чоң тоскоолдуктардан ѳтүп, бир топ алдыга жылганыбызды билем», - деди Обама.

Ал окуя болгон учурда полиция сабырдуулугун кѳрсѳтүп, канчалаган ѳмүрдү сактап калганын, «актары да, каралары да» бири-бирине жардам берип жатканын кошумчалай кетти. «Бул – мен билген Америка», - деди Обама.

Полициянын афроамерикалыктарга кѳрсѳткѳн зомбулугуна каршы акцияда Далласта беш полиция кызматкери ѳлтүрүлгѳн. Алардын дагы жети кесиптеши жана эки жай тургун жарадар болгон. Ок атууну баштаган кара терилүү жергиликтүү жашоочу Мика Хавьер Жонсон дѳңгѳлѳктүү роботко коюлган жарылуучу курал менен ѳлтүрүлгѳн. Полиция Жонсон АКШнын кургактагы аскерлеринин 25 жашар ардагери, Ооганстандагы согуштун катышуучусу экенин аныктады. Ал полиция Луизиана жана Миннесотада кара терилүү адамдарды ѳлтүргѳнү үчүн ѳч алганын билдирген.

XS
SM
MD
LG