Ссылки доступа

Орус банктары күрөөгө коюлган 17 миң өзбек унаасын камакка алды


GM Uzbekistan’дын мурунку башкы директору жана “Узавтосаноат” компаниясынын төрагасынын экс-орун басары Тохиржон Жалилов, ошондой эле өзбек-америкалык унаа ишканасынын жогорку кызматтагы адамдары орус банктарынан насыя алып, мүлк жана бизнестерди сатып алышкан.

Банктарда күрөөгө коюлган 17 миң унаа камакка алынганы кабарланууда.

GM Uzbekistan компаниясындагы каржылык алдамчылыкты иликтеп жаткан тергөө тобунун документтеринде келтирилген зыяндын өлчөмү жарым миллиард долларды түзөт деп айтылат.

Айрым маалыматтар боюнча Москвадагы “РАВОН МОТОРС РУС” ишканасына жөнөтүлгөнгө чейин Гайрат Ниязов Ташкентте суракка алынган. Ал көп жылдар бою Өзбекстандын унаа өнөр жай тармагында жетектөөчү кызматтарды ээлеген. Эки башка булак билдиргендей, Гайрат Ниязовго “кандай жол менен болсо дагы” 500 млн доллардык карызды жабуу милдети илинген.

Бийликке жакын булактын айтымында, Ниязовду GM Uzbekistan’дын башкармалыгында америкалык өкүлдөр калтыргысы жок. Алар ишканадагы жемкорлук тууралуу билдирүүлөр АКШнын Адилет министрлигинин назарына түшүп калышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Орусияга келген Гайрат Ниязов келтирилген зыяндын ордун толукташ үчүн камакта отурган Тохиржон Жалиловдун мүлктөрүн сата баштады.

Учурда Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагында отурган Жалиловдун Орусияда ири ишканалары жана кыймылсыз мүлктөрү бар экени аныкталган. “Узавтосаноаттагы” булак айтып бергендей, Тохиржон Жалилов миллиондогон каржылык алдамчылыктын аткаруучусу гана болду. Ал эми идеяны көтөргөн жана ага жооп берген адамдар дагы деле жогорку кызматтарда отурат.

XS
SM
MD
LG