Мындай кат менен Кыргызстан БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мунга кайрылганын бүгүн Бишкекте Германия канцлери Ангела Меркел менен жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Алмазбек Атамбаев билдирди.
- Биз 12 эксперттин баарын тең кабыл алууга даярбыз. Залда отуруп ар бир суроо-жоопту уксун. Керек болсо алардын бул жерде жашаган акысын өзүбүз төлөп берели.
Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдын Июнь окуясына айыптуу деп 2011-жылы Жогорку Соттун чечими менен өмүрүнүн акырына чейин кесилген. Бирок быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып чыккан.
Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого Чүй облустук сотуна жөнөткөн.